Текебаевге кол салгандардын бири кармалды

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Шектүү Чүйдүн тургуну. 2-декабрга караган түнү милицияга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырган.