Нарын шаардык соту адам өлтүрүү фактысы боюнча эки тургундун жазык ишин карап чыкты. Өкүм ушул жылдын 26-ноябрында кабыл алынды.
Кушбек (аты өзгөртүлдү) үй-бүлөлүү, билими орто. Мурда соттолгон (соттуулугу жоюлган). Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (киши өлтүрүү), 253-беренесинин 1-бөлүмү (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен айыпталып жатат.
Элгазы (аты өзгөртүлдү) бойдок, билими жогорку. Жазык кодексинин 43-беренеси (кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү), 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (киши өлтүрүү) менен айыпталууда.
* Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы 6-февраль күнү саат 20:40 чамасында Нарын шаарында ок атылып, 1 адам мерт болгонун билдирген.
Маалыматка караганда, милицияга өзүн тааныштырбаган белгисиз адам кабар берип, Нарын шаарынын Москва аймагынан белгисиз адамды атып кетишкенин айткан. Милиция кызматкерлери ал жерге барып, дүкөндүн тушундагы адамдар өтүүчү жолдун күн батыш тарабындагы «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын 1990-жылы туулган айдоочусу С.А.ны сол моюну тарабынан жаракат алган абалда табышкан. Аны Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн кызматкерлери медициналык жардам көрсөтүүгө алып кетип жатканы аныкталган. Бирок С.А. ооруканага жетпей алган жаракатынан улам каза болгон.
Кылмышкерлерди кармоо боюнча ыкчам аракеттер жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, Нарын шаарынын 1996-жылы туулган тургуну М.Н. кармалган. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, «ИЖ-20» үлгүсүндөгү мылтыкты (документи жок) өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Ага катар эле кылмышка тиешеси бар «Лексус GS 300» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, Нарын шаарынын 1997-жылы туулган тургуну А.А. кармалган.
Атылган октон каза болгон С.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кыргыз ИИМдин ыкчам каттоосунда турчу.
Кушбек Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (киши өлтүрүү), 253-беренесинин 1-бөлүмү (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен күнөөлүү деп табылды.
Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту менен 12 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды.
Жазык кодексинин 253-беренесинин 1-бөлүмү менен 1 жылга эркиндигинен ажыратылды.
Жазык кодексинин 78-беренесинин негизинде кылмыштардын жыйындысы боюнча Кушбек биротоло 13 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды.
Элгазы Жазык кодексинин 41-беренеси (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү), 130-беренесинин 2- бөлүмүнүн 2-пункту (Киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 12 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды.
Кушбек менен Элгазыдан жабырлануучунун пайдасына 100 000 сом моралдык зыян өндүрүлмөй болду.