Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн 1-декабрда шайлоонун жыйынтыгы боюнча нааразы партиялардын өкүлдөрүн мекемесине чогултуп талкууну баштады. Жарандык коом өкүлдөрүнүн көз алдында тартыш маселени чечип алуу аракети экендигин Динара Ошурахунова билдирди.
Өз кезегинде Нуржан Шайлдабекова эсептөө системасынын катачылыгы боюнча түшүндүрмө берүү үчүн жыйынга чогулушканын белгиледи:
“Азыркы учурда добуштар кол менен саналып жатат. Бул процесс этап менен өтөт. Ар бир участок боюнча добуштар саналып буткон. Бардыгы биздин округдук комиссияга жеткирилген.
Бүткүл республикада шайлоонун жыйынтыгы кол менен саналган соң билинет. Ал аягына чыккандан кийин 3 кун ичинде тийиштүү округдук комиссияларга арыздар берилиши керек. Эгер округдук комиссиянын чечимине макул болушпаса арыздануу аркылуу кайрылса болот.
Берилген арыздар тастыктоочу видео, фото материалдар менен бектилиген болушу керек. Азыр биздин системага кол менен саналган маалыматтар киргизилип жатат. АСУ жыйынтыктары автоматтык түрдө сайтка кирсе, кол менен саноонун жыйынтыктары да системага бир нече убакыттан кийин киргизилет.
Ар бир участок боюнча 23 протокол киргизилет. Ар бир партияга карата түзүлгөн протоколдо ар бир талапкердин алган добуштарын киргизилиши керек.
Биздин сайт учурда улам жаныланып турат. Эмне учун мурун алты партия эле, азыр беш партия болуп калды деген суроолор тушуп жатат. Мунун себеби, 100 пайыз маалыматтар келип тушо электигине байланыштуу болууда.
Мурдагы шайлоолордо кол менен саналгандан кийинки жыйынтык мурункуга салыштырмалуу бир эле пайыз менен айырмаланчу.
Мурунтан эле Жарандык козомол жургузуучу эрежелерди кабыл алганбыз. Шайлоодон кийин дароо ар бир АСУдан жыйыныктар байкоочуларга берилет. Ар бир участок боюнча отчеттор бизде бар, аларда эч кандай маалыматтар өзгөргөн жок. Эгер катачылыктар болсо биз аларды жокко чыгарууга даярбыз”.