
Бишкек шаарында №1041 шайлоо тилкесинде электрондук урна иштебей калды. Бул туурасында шайлоочулар кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган шайлоо тилкесинде электрондук урна иштебей калган. Учурда аны оңдоо аракеттери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, жер-жерлерден да шайлоо тилкесиндеги электрондук урналар иштебей калып жатканы тууралуу билдирүүлөр түшүүдө.