Талас шаардык милициясы «Камкордук» рейдин өткөрүүдө

Талас облусунун аймагында “Камкордук” аталыштагы алдын алуу рейди өткөрүлүп жатат. Рейддин максаты жашы жете электерге карата жана алар тарабынан жасалган кылмыштардын алдын алуу, болтурбоо болуп саналат.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Талас ОИИБнин буйругу менен атайын иш-мерчемдер түзүлүп, топторго бөлүнүп, ар бир кызматтан кызматкерлер катышып, жашоо шарты оор кырдаалда жашаган жашы жете электерди аныктап, аларга социалдык жактан жардам көрсөтүлөт.

WhatsApp Image 2021 11 18 at 14.08.19 1 Талас шаардык милициясы «Камкордук» рейдин өткөрүүдө

Рейдке жашы жете электер менен иштөөчү инспекторлору Талас шаардык мэриясы, социалдык коргоо башкармалыгы, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүүдө.

Рейддин учурунда компьютер ойноочу клубдар, базарлар, эс алуучу жайлар текшерилүүдө.

Жашоо шарты оор үй-бүлөдөгү балдарды кыдырып, жашоо шарттарын текшерүү, көйгөйлөрдү аныктап жана чечүү иш аракеттери жүрүп жатат.

Талас ОИИБнин басма сөз кызматы