Токмок шаарында жарылуучу зат сактоого шектүү кармалды


Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат
каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып
өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча, сотко чейинки өнүрүш
иштеринин алкагында Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын ИИБдүн
кызматкерлери тарабынан ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлгөн.


Ыкчам тергөө иш-амаладрынын алкагында Токмок шаарынын 37 жаштагы
жашоочусу Ш.Д. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, оролуп бекитилген
белгисиз зат табылган.

Экспертизанын жыйынтыгында алынган зат, жарылуучу
зат экендиги аныкталган.

Иш Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин
253-беренесине (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) которулуп,
кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.