Дастан Бекешевдин жардамчысы Азамат Сабырбеков сурак берген

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин жардамчысы Азамат Сабырбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылган.

Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Буга чейин парламент депутаты Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында 15-ноябрда үгүт үчүн сурак берип чыккан.

Атайын кызмат депутаттыкка талапкер Бекешев үгүт ишине жашы жете элек балдарды тартып, аларга шайлоо фондунан тышкары каражат менен эмгек акы төлөп бергени тастыкталганын айтууда.