Жолдошбек Кожобеков: “Элдин оор жашоосун көргөндө бийликке кыжырың келет”

“Элдин оор жашоосун көргөндө бийликке кыжырың келет”. Мындай пикирин “Альянс” саясий партиясынан талапкер Жолдошбек Кожобеков Ысык-Көл өрөөнүндө шайлоочулар менен жолугушуу учурунда билдирди.
Айтымында, Кыргызстанда жакырчылык жыл сайын өсүүдө. Мындай көрүнүш айрыкча алыскы тоолуу аймактарда арбын. Талапкер Тоң районунун Кара-Талаа, Оттук, Бар-Булак, Туура-Суу айылдарын кыдырды. Ал 26-ноябрга чейин облустун башка райондорунун эли менен жолугуп, жергиликтүү тургундардын көйгөйү менен жеринен таанышып, кабар алууну пландап жатат.
“Тоң районунун ар бир айылын кыдырып чыктык. Чындыгында өтө оор турмушту башынан өткөрүп жаткан үй-бүлөлөрдү көрүп, зээним кейиди. Бийликке кыжырым келди”, – деди ал.
Ошондой эле талапкер аймактын негизги көйгөйү бала бакча, мектеп жана оорукананын жетишсиздиги, таза суунун жоктугу экенин айтты.
“Албетте, калкты таза суу менен камсыздоо, социалдык мекемелердин жана кызмат көрсөтүүнүн абалын жакшыртуу Өкмөттүн милдети. Ал эми Жогорку Кеңеш эл көйгөйүн бийликке жеткирип, мыкты мыйзамдарды сунуштап турушу керек”, – деди ал.
АЛЬЯНС – 3  – БИР КҮЧ!

Жолдошбек Кожобеков – 10

photo1636788359 1 Жолдошбек Кожобеков: “Элдин оор жашоосун көргөндө бийликке кыжырың келет”
photo1636788359 2 Жолдошбек Кожобеков: “Элдин оор жашоосун көргөндө бийликке кыжырың келет”
photo1636788359 3 Жолдошбек Кожобеков: “Элдин оор жашоосун көргөндө бийликке кыжырың келет”
photo1636788359 4 Жолдошбек Кожобеков: “Элдин оор жашоосун көргөндө бийликке кыжырың келет”
photo1636788359 5 Жолдошбек Кожобеков: “Элдин оор жашоосун көргөндө бийликке кыжырың келет”

 

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 13-ноябрь, 2021-жыл.