
Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы Сокулукта уурулукка шектелип жаш жигиттер кармалганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-октябрында Сокулук РИИБне арыз менен Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылынын М.А. аттуу тургуну кайрылып, ал үйүнүн жанында токтоп турган “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаасынын аккумуляторун белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган факт Сокулук РИИБнин Кылмыштардын жана жоркутардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинини 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөө учурунда аталган кылмышка шектелип Бишкек шаарында убактылуу жашаган 2001-жылы туулган А.Б. жана 2001-жылы туулган Э.М. аттуу балдар кармалган. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү жарандар дагы башка ушундай эле 6 кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды.
Аталган жарандарга карата КР Жазык кодексинин 200-беренеси менен шектүү жөнүндө кабарлама берилип, ошол эле күнү Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
