Экс-премьер-министр Феликс Кулов айымдарга кол көтөргөн эркектерди чечиндирип алып, куру менен жамбашка чабыш керек экендигин билдирди.
— Учурунда мен Чүй облусунун губернатору болуп иштеп жатканда областтук парламентке( областтук кенеш) Аксакалдар соту аркылуу айымдарга кол көтөргөндөргө жаза сунуштагам, — деп жазды Феликс Кулов. — Мени айрым укук коргоочулар адам укуктарын бузуп жаткандыгымды айтып чыгышкан. Бирок, акыл калчап карасак хомо эректус менен хомо сапиенсти алмаштырбоо керек. Бир-эки сокку менен ал эркек коомдо өзүн алып жүрүү керектигин түшүнөт.
Экс-премьердин пикиринде мамлекетте эркектер ар дайым аялды уруп-соккон учурлар көп кездешип жатат.
— Тагыраак айтканда, алар эркектер эмес, гандырбайлар, —деп баса белгиледи Феликс Кулов.
Саясатчы белгилегендей, мындай чара эркектердин ар-намысына, ден соолугуна эч кандай залал тийгизбейт. ал эми аксакалдар соту – бул ошол айылдагы тургундар, айылдаштар, жердештер. Алар күнөөлүү эмес адамга мындай чечим чыгарбайт.
Эске салсак, жакында эле аялын күйөөсү ур-токмокко алган видео соцтармактарга тараган.