2021-жылдын 10-ноябрынан 12-ноябрына, ошондой эле 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3902-чакырымы) коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт.
Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат.
Жумуштар КР ИИМ ЖКККББ кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тосуудан кийин күндүз саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.
«Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.