Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен «Европа биримдиги – Борбордук Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы кыргыз-өзбек мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүүгө, өз ара пайдалуу кызматташтыкты терендетүүгө олуттуу маани берет. Жапаровдун айтымында, Кыргыз-Өзбек фондунун ишинин башталышы эки өлкө ортосундагы болжол менен 60 долбоорду ишке ашырууну караган өнөр жай кооперациясы чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Практикалык чаралардын планында («Жол картасы») чагылдырылган макулдашууларды ишке ашыруунун башталышына белгилүү таасирин тийгизет.
«Жакын арада өзбек тараптын Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү боюнча ички мамлекеттик процедураларды жыйынтыктагандыгы кубанычтуу», — деди ал.
Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов өз кезегинде өз ара кызыкчылыкты туудурган чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө, маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыкты активдештирүүгө жана соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.