Бүгүн, 5-октябрда аймактарды кыдыруу иштеринде “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров агитациялык чогулуш-жыйынында Жантөрө Сатыбалдиев камактан чыккандыгын жар салды.
- -Мен жолдо келе жатканда уктум бул кабарды. Ал кечээ, 4-ноябрда камактан чыкканын айтты, телефон аркылуу. Ал баарына салам айтты. Буюрса аяк-башымды жыйнап алгандан кийин эл менен жолугушаарын айтты. Эч ким, эч качан азап тартпасын, – деди Мадумаров.
- Эске салсак, 2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупцияга жол берилген деген негизде экс-премьер-министр Сапар Исаковду жана “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен.
- “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл үч айга, Жантөрө Сатыбалдиев жети жыл, алты айга эркинен ажыратылган.
“Электр станциялары” ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынган.