Сокулукта жол кырсыгы катталды, – видео

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында, Бишкек—Кара-Балта унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Тurmush басылмасына күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, жеӊил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол ортосундагы тосмону сүзүп токтогон.

Унаанын алды толугу менен жарабай калган.

Кырсык Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБда катталган эмес.