
Таласка кыз ала качып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кызуу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыз ала качып бара жаткан жигиттер «Сосновка» постунан 2-ноябрда саат 22:00 чамасында кармалган.

«Аламүдүн районунан 2 жаш жигит 2003-жылы төрөлгөн кызды болжол менен Талас облусу тарапка алып кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. «Перехват» планы жарыяланып, «Сосновка» постундагы инспекторлор «Лексус» автоунаасын токтотушкан. Автоунаанын ичиндеги 2 жаш жигит жана жаш кыз суракка алынып, анын жүрүшүндө кызды күч менен ала качып бара жатышканы белгилүү болду»,-деп айтылат маалыматта.