
Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев 86 жашында көз жумду. Маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тастыктады.
Маалыматка ылайык, Байжиев менен коштошуу зыйнаты 31-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук Опера жана балет театрында өтөт.
Драматург, публицист Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд» пьесаларын жазган.
Вulak.kg редакциясынын эмгек жамааты жазуучунун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.