БШК Талант Мамытовго карата чечимдин үстүнөн Жогорку сотко кайрылат

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун «Ынтымак» партиясынан талапкер Талант Мамытовго карата чечиминин үстүнөн Жогорку сотко кайрылат. Бул тууралуу Боршайкомдун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

«Жумушчу топ Талант Мамытов парламенттин төрагалык кызматын тапшырбаганын БШКнын 24-октябрдагы жыйынында эске алып, аны каттабай коюуну сунуш кылган”, -дейт ал.

Мыйзам боюнча жогорку кызматты ээлеп турган жаран депутаттыкка талапкерлигин коюу үчүн кызматын тапшырышы керектиги белгиленген

“БШКнын 10 мүчөсү сунушту колдоп берген. БШК бул боюнча Жогорку сотко кайрылат”,-деди Шайназаров.

Эске салсак, 28-октябрда Бишкектин административдик соту «Ынтымак» партиясынын талапкер Талант Мамытовду каттоодон баш тартуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамсыз деп табуу боюнча арызын канааттандырган.