“Эски видеолорду, ар жериненен кескилеп, тараптарды “коңулда жатып” кайраштырганыңар дурус иш эмес», – Калмаматов

«Азаттык» партиясынын мүчөсү, белгилүү саясатчы Бактыбек Калмаматов социалдык тармактарда тарап жаткан тасмаларга байланыштуу билдирүү таратты. Ал мындай билдирүүнү өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларынан жарыялады.

«Учурдагы социалдык-экономикалык жана саясий кырдаал ансыз да оорлоп турганда, “өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып” ар кимиңер биздин эски видеолорду, ар жериненен кескилеп, тараптарды “коңулда жатып” кайраштырганыңар дурус иш эмес» — дейт саятчы.

Эгер саясатчынын көз карашы кимдир бирөөлөргө кызык болуп жаткан болсо, өз оюн билдирүүгө даяр экенин баса белгилеген:«Биз кырдаалдан көз карандысыз, өз көз караштарыбыз үчүн өзүбүз ачык күрөшө алган команда экенибизди баса белгилегим келет. Өз оюбузду мурда да, азыр да, кийин да ачык айтканга эркибиз жетет. Эгер чындап эле биздин пикир же саясий көз-карашыбыз силерге кызык болсо, түз эле кеңсебизге келсеңер болот. Биздин эшик сиздер үчүн дайыма ачык»Ошондой эле, ал бурмаланбаган видеолордун түп нускасын көрүү үчүн өзүнүн расмий баракчасына чакыруу жолдогон.