Ташиев Кыргызстан Түркиядан “Bayraktar” пилотсуз учактарын сатып алаарын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Түркиядан “Bayraktar” пилотсуз учактарын сатып алаарын билдирди.

“Биз башка техникаларга дагы мамлекеттик бюджеттен акча төлөдүк. Азыркы учурда Түркияда “Bayraktar” пилотсуз учактары жасалып жатат. Бул дүйнөдө 5 эле малекетте бар экен. Жакында учактар келет. Биз учактарды башкаруучуларды Түркияда окутуп, даярдап жатабыз”, – деди Ташиев.

Мындан тышкары, Камчыбек Ташиев Кыргыз өлкөсү байкоо жүргүзүүгө арналган россиялык “Орлан-10” дрондорун сатып алып жатканын айтты.