
Москва шаарында COVID-19 илдетин жуктургандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу 28-октябрдан 7-ноябрга чейин бир катар чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Тиешелүү жарлыкка шаар мэри Сергей Собянин кол койгон.
28-октябрдан тарта Москвада киргизиле турчу чектөөлөр:
- Соода-сатык жана тейлөө чөйрөсүндөгү ишканалардын иши токтотулат. Ошол эле учурда дарыкана, азык-түлүк жана биринчи керектөөдөгү товарларды саткан дүкөндөр иштейт.
- Кафе менен ресторандар да тамак ташып иштесе болот;
- Мектеп менен бала бакчаларга каникул жарыяланат, ийримдер менен секциялар да иштебейт. Жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттери аралыктан окуйт;
- Медициналык уюмдар планы боюнча иштей берет.