Рыскелди Момбеков: “Төрага иштебесе депутаттар кантип иштейт”

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду. Анда Депутат Рыскелди Момбеков  парламенттик шайлоонун алдында шайлоочулар менен жолугуу сунушун киргизип, буга кээ бир эл өкүлдөрү нааразы болду.

Ал эми депутат Шайлообек Атазов шайлоочулар менен жолукпай иштеш керектигин айтты. Анын айтымында шайлоонун артынан кээ бир депутаттар жыйынга караанын көрсөтпөй кеткен.

«Сиз (ред.Рыскелди Момбеков) былтыркы күз мезгилиндей болуп Атамбаевди аянтка жетелеп чыкпаңыз деп ушуну сунуштап жатабыз. Сиз менен бирге 5 жыл депутат болуп келген уруулар бар. Ошол урууларды бир жылдан бери көрбөй жатабыз. Бир апта шайлоочулар менен иштеп министрлер кабинетине, президентке жардам берели», – деген оюн айтты Атазов.

Өз кезегинде депутат Рыскелди Момбеков төрага иштебесе депутаттар кантип иштейт деп жооп берди.

«Тоскоолдук жараткан жокмун. Төрага шайлоого катышып жатат, вице-спикерлердин бири шайлоого, бири БУУга кетип жатат. Төрага жок болсо ким алып барат? Палата иштебесе комитет, фракция иштебейт да. Маселени кайсы жакка алып чыгабыз? Мен буга каршымын, бири-бирибиздин атыбызды атабай эле коёлу. Төраганы шайлайлы анда», – деди Момбеков.