Камчыбек Ташиев мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында жашап жатат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, жакында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болгон Камчыбек Ташиев мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында жашап жатканын 19-октябрда kaktus.media басылмасы жазып чыкты.

Мекеме өзү тапкан маалыматтарга таянып, Ташиев резиденцияда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев курдурган үйдө турганын маалымдады.

Басылмага курган маегинде аталган резиденциянын директору Адилет Билимбек уулу Ташиев резиденцияда жашап жатканын ырастап, бирок ал кайсы үйдө жашап жатканын тактаган эмес. Билимбек уулу комментарийинде Камчыбек Ташиев жашап жаткан үй мамлекетке караштуу экенин, коммуналдык төлөмдөрдү жашоочу өзү төлөп жатканын кошумчалаган.

Сентябрдын башында “Адилет” укуктук клиникасы президент Садыр Жапаровго кайрылып, Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жашоого укуктуулар, азыр жашап жаткандар, ал жерде өткөрүлүүчү бейрасмий иш-чаралар, тейлөө жана камсыздоо үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп жаткан акча боюнча маалымат берүүнү өтүнгөн.

Уюмдун жетекчиси Чолпон Жакупова ушул күндөрү президенттик администрациядан жооп алганын, бирок анда резиденцияда кимдер жашап жатканы тууралуу так маалымат ала албаганын билдирди. Мамлекеттик мекеме муну кызматтык керектөө үчүн пайдаланыла турган гана маалымат экенин кабарлап, ачыкка чыгарган эмес.

Анын алдында айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) резиденцияда жашоо укугуна ээ кызматкерлердин катарына кирбесе да мекеменин азыркы жетекчиси Камчыбек Ташиев “Ала-Арчада” жашап жатканы, уулунун үлпөт тоюн өткөргөнү тууралуу маалымат тараган. Ютубдагы Temirov Live KG каналы бул боюнча иликтөө жарыялаган.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчи орун басары Тилек Батырканов 24.kg агенттигине билдиргенине караганда, өлкө президенти резиденцияда кимдер жашай ала турганын аныктай алат, ал тизмеге УКМКнын башчысын да киргизүүгө укуктуу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин бул боюнча комментарий бере элек.