Евразия экономикалык комиссиясынын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары дайындалды

Нуржамал Ильясова Евразия экономикалык комиссиясынын ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий сайтында маалымдалган.

Ал 1998-2016 -жылдары КР өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент), Бишкек шаарындагы ар кандай кызматтарда иштеген.

2020-жылдан 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.