
Акыйкатчы Токон Мамытов отставкага кетти. Буга чейин Мамытов «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого бара турганы белгилүү болгон.
Белгилей кетсек, аны Жогорку Кеңеш 2018-жылы Акыйкатчы кылып шайлаган. Анын талапкерлигин КСДП фракциясы сунуштаган. Эми Мамытовдун арызын Жогорку Кеңеш карап, кабыл алышы керек.