Камчыбек Ташиев: “Кылмыштуу топтун мүчөсү же жетекчиси башын көтөрүп көрсүн башын талкалайбыз”

13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов кылмыштуулук боюнча маселе көтөрдү. Ал УКМК жетекчилигине кайрылды.

Камчыбек Кыдыршаевич, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө министрлердин күчү жетпей калды. Бул маселени сиз дагы карабасаңыз. Бул маселени президенттин деңгээлине алып чыгалы. Көп кылмышкерлерди ордуна койдуңуз. Фармацевтика, бензин мафияны токтотуңузчу”, – деди ал.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттын сунушуна кылмыштуулук бир жыл мурун кандай болгон жана мурда мамлекетибизди кылмышкерлер ээлеп алганын эскертти. “Уюшкан кылмыштуулук баарын ээлеп алган. Алар мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга, ишканаларга кол салып башташкан. Бүгүнкү күндө андай жок. Азыр бир уюшкан кылмыштуулуктун мүчөсүбү, жетекчиси же башкасыбы башын көтөрүп көрсүн башын талкалайбыз”, – дейт.