
Кыргызстанда 12-октябрга карата коронавирус дагы 93 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 51, Чүй облусунда – 21, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.
Ал эми бир суткада 112 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап кайтыш болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 442 бейтап, амбулатордук түрдө 672 адам дарыланууда.