Депутат Каныбек Иманалиев шайлоого аттанат

Депутат Каныбек Иманалиев бир мандаттуу округдан шайлоого аттанат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.

Ал №25 Аламүдүн округунан парламенттик шайлоого катышат.

Каныбек Иманалиев 2015-жылы “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.