Дүйнөлүк рынокто мунайдын наркынын жогорулашы бардык мамлекеттерге өз таасирин тийгизүүдө. Муну менен катар эле Казакстанда дагы күйүүчү майдын жетишсиздиги жана дизелдик отундун баасынын өсүшү байкалууда. Азыркы тапта, Кыргыз Республикасынын улуттук валюталары менен эсептегенде, кошуналардан келген күйүүчү майдын литри дээрлик 40 сомго жетти. Бир жыл ичинде Казакстанда дизель майы 8%га кымбаттады. 8 айда анын баасы 199 теңгеге же литрине 39,72 сомго чейин жогорулаган.
Бул кырдаал Кыргызстанда да күйүүчү-майлоочу майлардын баасына өз таасирин жатат. Бирок коңшу өлкөлөрдө күйүүчү майдын жетишсиздиги жаралгандыгы менен импортко көз каранды мамлекеттердин арасынан эң төмөн баа Кыргызстанда болууда.
Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майларга болгон баалар дээрлик 60 пайызга кымбаттагандыгы айтылууда.
“Нефтетрейдерлер союзунун” директору Заур Кипкеевдин айтымында учурда дүйнөлүк базарда да мунайдын баасы өсүп жатат.
Ал: “Кыргызтан бул жаатта 95% импортко көз каранды. Ошондуктан дүйнөдөгү мунай абалы бизге дагы өз таасирин тийгизүүдө. Бирок Кыргызстан импортко көз каранды өлкө болгонуна карабай нефтетрейдерлер бааны туруктуу кармоого аракет кылышууда”, – деп билдирди.
Адис мунайды бажы алымы жок дүң баада сатып алуу келишимине ылайык, Россиянын заводдору Россия менен Кыргызстан үчүн күйүүчү-майлоочу майларды бирдей наркта сатаарын айтып, анын көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр болгондугун, бул Кыргызстан үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экендигин дагы баса белгиледи.
Заур Кипкеев: “Бирок дүйнөлүк базарда мунай каражаттарынын наркы жогорулап жатканына байланыштуу, Кыргызстанда дагы күйүүчү-майлоочу майларга болгон баалар өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Аналитиктердин божомолу менен үстүбүздөгү жылдын аягына чейин күйүүчү-майлоочу майларга болгон баа өсмөкчү. Биз гана эмес мунай өлкөсү болгон Казакстан дагы Россиядан бул жаатта колдоо сурап, кайрылгандыгын билебиз”, – деген ою менен бөлүштү.