Бишкекте октябрдын аягына чейин ипотекалык үйлөр берилет

Октябрдын аягына чейин Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкекте дагы бир турак жай комплексин пайдаланууга берет. Бул тууралуу компаниянын сатуу бөлүмүнүн башчысы Кылычбек Келдибеков Биринчи радиодо билдирди.

Анын айтымында, 39 блоктуу «Мурас» турак жай комплекси Бишкектеги Малдыбаев көчөсүндө курулуп жатат. Курулуш иштери график боюнча жүрүп жатканын жана тургундар батирлерин график боюнча аларын белгиледи.

Долбоор төрт фазадан турат. Биринчи жана экинчи фазалар ийгиликтүү аяктап, батирлер берилген. Үчүнчү фазаны октябрь айында өткөрүп берүү пландалууда.