Эл өкүлү 14 жашка чейинки балдарга мыйзам чегинде телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Коргонбай уулу Жусупбек бүгүн, 9-сентябрда “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында 14 жашка чейинки балдарга мыйзам чегинде телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады.

Анын айтымында, балдардын тарбиясына көңүл буруу максатында бул кадамга баруу керек.

“Балдар 14 жаштан баштап ишке жөндөмдүү болуп эсептелинет. Алар кылмыш кылса, жарым жартылай жоопкерчиликке тартылат. Ошондуктан 14 жашка чейинки окуучуларга телефон колдонууга мыйзам чегинде тыюу салуу керек. Азыр технологиянын өнүккөн кези, эгер баламды же кызымды таппай калам десең, анда чиптеп кой. Телефондун ичинде эмнелер гана бар? Коомдун тарбиялык жагын ойлосок, 14 жашка чейинки балдарга телефонду колдонууга тыюу салуу керек”, — деди ал.

Ошондой эле, депутат өлүм жазасын киргизүү сунушун колдоду.

“Коррупцияга аралашкан адамдарды, жашы жете элек балдарга зомбулук көрсөткөндөрдү,  бир же эки адамды өлтүргөндөрдү, терроризмге байланыштуу оор кылмыштарды кылган адамдарды өлүм жазасына тартыш керек. Аларды мамлекеттин эсебинен багып отуруунун кажети жок. Бул маселени фракциянын атынан парламенттин жыйынында көтөрүүнү сунуштайм”, — деди депутат.