Home Blog Page 1812

Бишкекте сасык тумоо менен ооругандардын саны кескин өсүүдө

Мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, былтыр ушул мезгилде сасык тумоо менен ооругандардын саны 805 болсо, акыркы бир жумада алардын саны 1466га жетти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Бишкекке сасык тумоого каршы Россияда чыгарылган “Гриппол плюс” вакцинасынын 14 685 дозасы алынды.

Бардык үй -бүлөлүк медицина борборлору тобокел тобуна кирген адамдарга сасык тумоого каршы эмдөө иштерин жүргүзүшүүдө. Ал топко балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, тез -тез ооруп жүргөн балдар, карылар үйлөрү жана ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кирет. Муну менен катар эле, 65 жаштан өткөн кары адамдар, тез жардам бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө, реанимация бөлүмдөрүндө, үй -бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген медициналык кызматкерлер дагы эмдөө алышмакчы.  

8 -октябрга карата 2875 адам эмдөөдөн өттү.

Ошондой эле, сасык тумоого каршы эмдөө акы төлөнүүчү негизде жеке медициналык борборлордо жүргүзүлөт. Алар: “Малыш”, “Гиппократ”, “Эдельвейс”, “Кроха”, “Поликлиника 312”, MC “KG”, ЦАДМИР, “Интермедикал”. Азыркы тапта акы төлөнүүчү негизде 238 адам эмдөөдөн өттү. Жеке медициналык борборлордо эмдөөнүн баасы 450 сомдон 700 сомго чейин.

«Кыргызкөмүр»: Көмүрдүн баасын алып сатарлар эки эсеге көтөрүп жиберди

Көмүрдүн баасы негизсиз эки эсеге кымбаттады. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Алып сатарлар көмүрдү Кара-Кечеден 1330 сомдон сатып алышат. Мурда тоннасына 1000 сомдон кошуп, калкка тоннасын 3800 сомдон сатышкан. Эми ортомчулар күйүүчү -майлоочу майлардын баасынын өсүшүнө байланыштуу тоннасына кошумча наркты 2170 сомго көтөрүшкөн. Муну менен катар эле, көмүр кампалары үчүн 500 сомдон дагы үстөк кошулууда. Натыйжада көмүр калкка тоннасы 5500 сомдон сатылууда », – деп түшүндүрдү Мамлекеттик ишкана.

«Кыргызкөмүр» ортомчуларды көмүрдүн баасын негизсиз көтөрбөөгө чакырып, жарандарга болсо соодалашууну сунуштады.

Мээрим Жуманазарова – дүйнө чемпиону!

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова 68 кг салмак даражасында алтын медаль тагынды.

Чечүүчү финалдык беттеште япониялык Рин Мияжи менен күрөшүп, далысын жерге басуу менен туше аркылуу убакыттан эрте жеңишке жетти.

Эскерте кетсек, Жуманазарова быйыл Токиодо өткөн олимпиада оюндарында коло медаль тагынган.

Ош шаарынын мэриясы «Ош – Silk Road Provider» сынагын жарыялайт

Ош шаарынын мэриясы Ош шаарынын фирмалык стилин иштеп чыгуу үчүн «Ош – Silk Road Provider» деп аталган сынак жарыялайт. Сынакка Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резиденттери болбогон юридикалык жана жеке жактар ​​катышууга укуктуу. Жаш өзгөчөлүгүнө карата чектөө жок.

Сынакка катышуу үчүн даярдалган эмгектер 2021-жылдын 1-ноябрынын 18:00гө чейин кабыл алынат. Сынактын жеңүүчүлөрү 1 -орун – 100 000 сом, 2 -орун – 50 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болушат. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу 2021 -жылдын 5-ноябрына чейин жүргүзүлөт.

Конкурстун шарттарына байланыштуу бардык суроолор боюнча, maksatchaki@mail.ru дарегине кайрылууга болот.  

Бишкекте “AгроТехЭкспо2021” көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси болуп өтмөкчү

24-24-25-октябрь күндөрү Бишкек шаарынын Т. Усубалиев атындагы аянтта айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата “AгроТехЭкспо2021” көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба  жарманкеси болуп өтмөкчү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, иш-чарага 200дөн ашуун алдыңкы кыргыз жана чет элдик компаниялар катышат.

Анда айыл чарба техникасы, асыл тукум мал-жандыктар,  мал чарбасында, өсүмдүк өстүрүүдө, кайра иштетүү өнөр жайындагы жаңы технологиялардын түрлөрү жана башкалар көрсөтүлөт.

Россия Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга даяр

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул жөнүндө мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, өлкө лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, ар кыл тармактагы өз ара пайдалуу байланыштардын абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден-соолук, узак өмүр, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Президент Жапаров өлкөлөрдүн тарыхый достук жана бири-бирин урматтоонун бекем салттарына негизделген өз ара алакасын жогору баалап, бул иште Владимир Путиндин чоң салымын белгиледи.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров Россия лидерин Мамлекеттик думага шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, анын мындан аркы ишмердүүлүгү парламенттер аралык байланыштарды Жогорку Кеңеш менен чыңдоого багытталарына ишеним артты.

Өз кезегинде Россиянын Президенти Владимир Путин куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле орус тараптын биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга даярдыгын белгиледи.

«Тазалык» – Кыштын камы кандай?

Сүрөт интернеттен алынды

«Тазалык» муниципалдык ишканасы 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн бардык чараларды көрүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, базага 2 миң 711 тонна техникалык туз жеткирилген. Калганын эске алуу менен 4 миң 84 тонна техникалык туз сатылып алынган.

Күзгү-кышкы тазалоо мезгили 1-ноябрдан 1-мартка чейин белгиленген. Аба ырайы кескин өзгөргөн учурда кышкы тазалоонун башталыш жана аяктоо мөөнөтү Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык чарба департаменти жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башармалык тарабынан жөнгө салынат.

Жыл сайын 1-ноябрдан тарта ишкана үчүн күзгү-кышкы мезгил башталат. Жолдорду, тротуарларды кар-муздарды тазалоого багытталган иштер жүргүзүлөт. Жолдорго инерттүү материалдарды чача турган нөөмөттүк топтор уюштурулуп, аларга нөөмөттө атайын эс алуу бөлмөсү жабдылат.

Көчөлөрдүн жана кирүүчү жолдордун жүрүүчү бөлүгүн күзгү-кышкы тазалоо Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

Шаардын жолдорун жана көчөлөрүн кардан тазалоо жана кум себүү убактысын аныктоо үч категорияга бөлүнөт:

1-категория – өкмөттүк жолдорго, трафик көп болгон көчөлөргө, троллейбус жана автобус линияларына, муздун көрүнүшү өзгөчө унаалардын кыймылына тоскоол болгон жантайма көчөлөргө чыгуу;
2-категория – шаардык транспорттун орточо кыймылы бар көчөлөр, жөө адамдар көп жүргөн аймактар;
3-категория – кыймыл аз болгон көчөлөр.

Тазалоо иштери Бишкек шаарынын 133 көчөсүндө жүргүзүлөт, жалпы аянты 4075,6 миң чарчы метрди же 361,3 км түзөт.

Шаар жолдорун кардан тазалоого 39 унаа, анын ичинен МАЗдын негизинде 26 кар тазалоочу унаа, ЗИЛ-130 КДМдин негизинде 2 кум чачуучу унаа, 2 фронталдык жүктөгүч, щетка жана күрөк менен 5 трактор (Беларусь), кар тазалоочу 2 МТЗ 80 трактор, 4 УКМ-2500 жана жол-эксплуатация башкармалыгынын 40 жумушчусу тартылат.

Жолдордун боюндагы аялдамаларды жана тротуарларды кардан тазалоо иштерин 715 жол тейлөөчү жана 121 жүктөгүч жүргүзөт.

Айыл-чарба техника алуу үчүн «Айыл Банк» өзүнчө кредиттик линия ачып, ага акча бөлүндү

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба жана башка техника менен камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Айыл Банк» ААК өзүнчө кредиттик линия ачуу үчүн 426,6 млн сом бөлүндү. Тийиштүү чечимге Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу анын расмий баракчасында жарыяланды.

Экономика жана финансы министрлигине белгиленген тартипте өзүнчө кредиттик линия ачуу жана айыл чарба, кайра иштетүүчү техниканы, тамчылатып сугаруу үчүн жаадырып сугаруучу машиналарды лизингге берүү үчүн “Айыл Банк” ААК Улуттук банкынын кайтарым эсептеринде топтолгон 426 млн 677 миң 758 сом өлчөмүндөгү буга чейин берилген гранттар жана кредиттер боюнча финансы каражаттарын берүүсү тапшырылды.

Маалымат боюнча, «Айыл Банк» ААК чарба жүргүзүүчү субъекттерге айыл чарба, кайра иштетүүчү техниканы, тамчылатып сугаруу үчүн жаадырып сугаруучу машиналарды жана жабдууларды төмөнкүдөй шарттарда лизингге берүү сунушталды:

•  лизингдин мөөнөтү – 10 жылга чейин;

•  пайыздык ставка – жылдык 4,5%;

•  баштапкы салымдын өлчөмү – лизингдин предметинин акчалай түрдөгү наркынын 10% кем эмес;

•  күрөөлүк камсыздоо (лизингдин предмети);

•  карызды төлөө графиги бузулган учурда ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынын 0,01% өлчөмүндө кредиттин негизги суммасынан ашпаган эсептөө жүргүзүлөт.

Президент С.Жапаров: Биз өлкөбүздүн географиялык жайгашуусун туура колдонушубуз зарыл

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бур тууралуу мамлекет башчысынын расмий баракчасында жарыяланды.

Анын куттуктоо сөзүндө мындай деп жазылган:

“Эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү, ошондой эле жүктөрдү ташууда аба транспорту маанилүү роль ойнойт. Бул өзгөчө пандемия учурунда, жарандардан сырткары, социалдык жактан маанилүү гуманитардык, медициналык буюмдар аба аркылуу ташылганда айкын болду.

Авиация түзүлгөндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин тармактын негизги потенциалы – бул өз кесибине берилип кызмат кылган чыныгы кесипкөйлөр. Алар – диспетчерлер менен учкучтардан тартып аэропорт кызматындагыларга чейин көк асманда кызмат кылууга бар аракетин, билими менен тажрыйбасын жумшап келишүүдө. Кесибин чындап сүйгөн авиаторлор аба жолу аркылуу ташууларды үзгүлтүккө учуратпай, ишенимдүүлүгүн камсыздап, калкты жогорку маданий деңгээлде тейлеп келишет.

Аба транспорту өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүнө кошкон омоктуу салымы, эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу аркылуу зор мааниге ээ.

Биз өлкөбүздүн географиялык жайгашуусун туура колдонушубуз зарыл. Авиациялык кызмат көрсөтүүлөр дүйнөдө ыкчам өнүгүп жатканын эске алып, биздин эл аралык аэропорттордун жүк өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында ар түрдүү унаа ээлери менен кызматташкан аба түйүндөрүн тез арада түзүү кажет.

Ошону менен бирге Кыргызстанда чакан авиацияны өнүктүрүүгө көңүл буруу зарыл, бул калктын жана экономиканын авиациялык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыгын канааттандырууга толук мүмкүндүк берет. Бул биздин өлкөнүн жарандык авиациясын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган бардык аракеттерди, кесиптик тажрыйбаны жана билимди айкалыштыра билүүнү талап кылат”.

“Эл күтө берет”…депутатка жол бергиле

Бүгүн Бишкек-Ош рейсинин жүргүнчүлөрүнүн автобусу Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын самолетко биринчи отуруусун күтүп, 20 мүнөт кармалып турган. Бул тууралуу бизге TEZ JET 106 рейсинин жүргүнчүсү кабарлап, видео жиберди. Анын айтуусунда, бул көрүнүш жүргүнчүлөрдүн нааразычылыгын жаратты.