Home Blog Page 1811

Кыргызстан күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде 5-орунду ээледи

Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде 5-орунду ээлеп, алгачкы бештиктин катарына кошулду.

244783365 4579978132041933 2579835043570320541 n кыргызстан күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде 5-орунду ээледи

Кыргызстандын капчыгында жалпы 6 медаль бар, алардын экөө алтын, экөөсү күмүш жана экөөсү коло байге.

Индиянын Тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Кыргызстандын алтынын Индияга экспорттоо маселеси көтөрүлгөн.

Индиянын Тышкы иштер министри Субрахманьям Жайшанкар 10-октябрдан 13-октябрга чейин Кыргызстан, Казакстан жана Арменияга барат.

Бул тууралуу Индиянын маалымат каражаттары кабарлады. Алгач Кыргызстанга 10-октябрда келип, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугуп, 11-октябрда Казакстанга сапар тартат. Андан соң Арменияга багыт алат.

Иш сапар учурунда эки тараптык кызматташуу талкууланып, айрым келишимдерге кол коюу күтүлөт.

Буга чейин 5-октябрда Мумбайда өткөн Doing business in Kyrgyzstan форумунда Кыргызстандын алтынын Индияга экспорттоо маселеси көтөрүлгөнүн ТИМ басма сөз кызматы кабарлаган.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асейин Исаев Мумбай шаары менен Махараштра штатындагы ишкерлерге туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берген.

Акыркы маалыматтар боюнча 2018-жылы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 37 миллион долларды түзгөн.

Министр шайлоону өткөрүү үчүн көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча онлайн кеңешме өткөрдү

Улан Ниязбеков Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча онлайн кеңешме өткөрдү

11-октябрь күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилерине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүүнү жана укук бузууларды алдын алууну күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме өткөрдү.
ИИМдин башчысы ички иштер органдарынын негизги тапшырмаларына көңүл буруп, ички иштер министрлиги алдыда боло турган окуянын маанилүүлүгүн эске алып, шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында коомдук тартип менен коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган бир катар чараларды көргөндүгүн билдирди.
“Өлкөбүздүн туруктуулугу, ар бир жарандын коопсуз жашоосу жана эртеңки күнгө ишеними баарынан жогору турат. Шайлоо иш-чарасы болобу же коомдук тартипти камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү болобу, ички иштер органдары өзүнө жүктөлгөн милдеттерди гана аткарып, саясаттан алыс болууга тийиш. Мамлекеттик органдар, анын ичинде ички иштер органдары жаңы кабыл алынган Конституциянын талаптарына ылайык бүткүл коомго кызмат кылууга милдеттүү. Андыктан, адам укугун коргоо, мыйзамдуулукту сактоо, элдин тынч жашоосун камсыздоо үчүн бардык аракеттерди күчөтүшүбүз керек. Дүйнө жүзүндө доорун сүрүп турган санариптештирүү тутуму мүнөт сайын жаңыланып, күн сайын жаңы багыттар боюнча алдыга карай жылууда. Санарипти өркүндөтүүгө, алдын алуу иштерин күчөтүүгө, коомдо укуктук адепти жогорулатуу менен элдин коопсуз жашоосун камсыздоого ар бир жетекчи жооптуу”,- деп Улан Ниязбеков баса белгиледи.
Ал ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү чыңдоо максатында аймактарга, райондор менен айылдарды бириктирген унаа жолдоруна жана айрым тилкелерге видео-камераларды орнотууга жетишүү керектигин тапшырды. “Элге кызмат кылып, жеринде сервистик тейлөө көрсөтүп, коомчулуктун арасында пайда болгон ар түрдүү жашоо-тиричилик көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү бул – учурдун талабы. Коопсуз өлкөнү жаратууга арналган аракеттердин өтөөсүнө чыгып, ишмердигибиз жакынкы келечекте өз жемишин берип жакшы ийгиликтерге жетишебиз деген чоң үмүт ар бир кызматкердин жүрөгүндө болушу керек. Ал үчүн жетекчиден баштап, катардагы кызматкерге чейин чарчап-чаалыкпастан өз милдеттерин татыктуу аткарууга тийишпиз”,-деди ИИМ башчысы.
Чогулуштун жыйынтыгы менен министр кызматтардын алдына бир катар тапшырмаларды койду:
-Борбордук шайлоо комиссиясына, жер-жердеги аймактык шайлоо комиссияларына мыйзам чегинде жана ички иштер органдарынын ыйгарымынын чегинде көмөк көрсөтүлсүн.
-Бир дагы кызматкер шайлоонун жүрүшүнө жана саясатка аралашпасын. Шайлоого аралашуу фактылары аныктала турган болсо жетекчи болобу же катардагы кызматкер болобу катуу тартиптик жаза колдонула тургандыгы бардык кызматкерлерге жеткирилсин.
-“Милициянын көчмө кабылдамалары” өз ишмердигин улантып, коомчулуктун көйгөйлөрүн жеринде чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн сервистик тейлөөлөр күчөтүлсүн.
-Коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулуучу аймактарда коомдук тартипти камсыздоо, ар түрдүү укук бузууларды алдын алуу иштери жүргүзүлсүн.
-Жардам сурап кайрылган жарандардын чакырууларына ыкчам баруу, кылмыштар менен жоруктардын изин суутпай бетин ачуу иштери колго алынсын.
Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

ИИМдин басма сөз кызматы

“Ата Журт Кыргызстан” партиясы талапкерлердин тизмесин бекитти

Бүгүн, 10-октябрда “Ата Журт Кыргызстан” партиясы курултай өткөрүп, 28-ноябрь күнү боло турган парламенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмесин толугу менен бекитти.

Тизмени партиянын лидери катары Айбек Маткеримов баштайт. Алдыңкы бештикке “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, экс-депутат Равшан Сабиров, өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары Жамиля Исаева, Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашев кирген.

  • 1. Айбек Маткеримов — партиянын жетекчиси;
  • 2. Бакыт Торобаев — ЖКанын депутаты, «Онугуу-Прогресс» партиянын жетекчиси;

3. Равшанбек Сабиров — социалдык өнүктүрүү боюнча  мурунку министр (2013-жылы коррупция деген берене менен 5 жылга эркинен ажыратылган);

4. Джамиля Исаева — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгү борборунун директорунун мурунку орун басары;

5. Таалайбек Сарыбашов — Бишкек жана Ош шаарларынын мурунку мэры

6. Замирбек Эсенаманов — ЖКнын депутаты, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары мурунку министри;

7. Женишбек Токторбаев — в 2020 году «Мекенчил» партиясынын талапкери

8. Надира Нарматова —«Ата Журт» партиясынан мурдакы  ЖКнын депутат;

9. Джайлообай Нышанов — президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун ишенимдүү адамы;

10. Кубанычбек Кадыров —ЖК мурунку депутаты, “Чындык” саясий партиясынын лидери;

11. Талайбек Масабиров — ЖК депутаты, «Кыргызстан» партиянын өкүлү;

12. Камила Талиева — мурдакы маданият министирлигинин жетекчиси, «Ар-Намыс» партиядан мурдакы ЖКнын депутаты;

13. Каныбек Нарбаев — Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мурдакы директору;

14. Пархат Тулендыбаев — Республика-Ата Журт” партиясынан ЖК депутаты;

15. Турсунбай Бакир улуу — Кыргыз Республикасынын мурунку Омбудсмены

16. Гулсункан Жунушалиева – Иса Ахунбаев атындагы КММАнын Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору;

17. Берадор Борбиев (Бек Борбиев) – ырчы, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болгон;

18. Бахтияр Кадыров -КСДПдан ЖКнын экс-депутаты, Борбордук шайлоо комиссиясынын экс-мүчөсү;

19. Жаныбек Исаев – “Кыргызстан” партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс -депутаты;

20. Гүлшаркан Култаева- Ош шаардык кеңешинин депутаты, “Транс -Визит” ЖЧКсынын директорунун орун басары;

21. Фархат Исмаилов – ишкер, Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн үгүт жүргүзгөн;

22. Бактияр Калпаев – Баткен облусунун экс -элчиси, “Мекенчилдин” мүчөсү;

23. Рустам Саякбаев – ишкер, “Биримдиктин” тизмесинде талапкер болгон;

24. Кристина Босивская – журналист, КРСУнун мугалими;

25. Мохидил Умарова;

26. Саидбек Зулпуев – ишкер, Банкты кайра уюштуруу жана карызды реструктуризациялоо агенттигинин (DEBRA) экс -директору;

27. Самат Исманов – “Республика – Ата Журт” партиясынан ЖК депутаты;

28. Жамиля Жаманбаева – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун экс -орун басары;

29. Шүкүрбек Эрекбаев – “Мекенчил” партиясынын директору, Ташиевдин “оң колу”;

30. Элдар Сулайманов – Ош шаардык кеңешинин депутаты;

31. Абдыбахаб Боронбаев -Түндүк-Чыгыш бажысынын экс-башчысы;

32. Нургүл Усеинова- Сокулуктагы жергиликтүү кеңештин депутаты;

33. Мейкинбек Абдалиев- парламенттин депутаты, “Өнүгүү -Прогресс” фракциясынан;

34. Арсланбек Эгембердиев – “АККА -Петролеумдун” туунду компанияларынын биринин башкы директору, “Мекеним Кыргызстандан” талапкер болгон;

35. Нурлан Батыров – актёр;

36. Жылдыз Садырбаева – “Pharma Mir” компаниясынын негиздөөчүсү;

37. Чынберди Төлөнов – Ош аэропортунун директорунун экс -орун басары, фамилиясын эки жолу өзгөрткөн;

38. Фархад Бекманбетов -Маданият, маалымат жана туризм министринин экс-орун басары, цирктин экс-директору;

39. Алишер Козуев – “Россия Ойл” ЖЧКсынын башкы директору, “Мекеним Кыргызстандын” тизмелери боюнча чуркаган;

40. Шарийпа Молдалиева;

41. Баатырбек Аманалиев;

42. Канатбек Маматов – Кыргыз футбол союзунун экс -башчысы;

43. Жаныбек Кыдыкбаев – “Омуралиева Галина Жусуповна” индивидуалдык ишкерлигинин башчысынын орун басары;

44. Попел Валерия;

45. Досмухамед Раимбердиев – айыл өкмөтүнүн экс -башчысы;

46. Наталья Угроюмова – Кыргызстан футбол союзунун басма сөз катчысы;

47. Мирбек Уметалиев;

48. Бактыгүл Сарисейитова;

49. Абдилла Абдибапов – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын экс -кеңешчиси;

50. Максатбек Ибраимов – Өзгөн районунун Жазы айылдык кеңешинин башчысы;

51. Пак Елена – “Кыргызстандын психологдорунун ассоциациясы” бейөкмөт уюмунун төрагасы;

52. Айканыш Замирбекова;

53. Мадина Жамишбаева;

54. Керимберди Макеев – “АККА компаниялар тобунун” жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү.

Эске сала кетсек, Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.Бир мандаттуу округдан шайлоодо ат салышам дегендер 10-октябрга карата 200гө жакындап калды.

 

Жогорку Кеңешке талапкерлердин бири 81 жашта

Бүгүн алдыдагы парламенттик шайлоого катышууга ниеттенген айрым партиялардын алгачкы бешөө белгилүү болду.

Алдыңкы бештикке кирген талапкерлердин дээрлик баары “тажрыйбалуу” жана жаш эмес, чындыгында бул Кыргызстан үчүн көнүмүш көрүнүш.

Бирок, “Азаттык” партиясында Жогорку Кеңешке киргиси келгендердин эң улуусу болгон талапкер бар. Бул Медеткан Шеримкулов. Ал 81 жашта.

Эске салсак, Медеткан Шеримкулов 1990-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикери болгон. 1995 -жылы Кыргызстандын президенттигине ат салышкан.

Эскертүү, жаңы Конституцияга ылайык, 25 жаштан кем эмес талапкер Жогорку Кеңештин депутаты боло алат жана мандат алууну каалагандардын жаш чеги чектелбейт.

Кимдер шайлоого аттанды? Айрым партиялардын алдыңкы бештиктери белгилүү болду

Алдыдагы парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн айрым партиялардын алгачкы бешөө белгилүү болду.

Ошентип, болжолдуу түрдө Өмүрбек Текебаев, Клара Сооронкулова, Тилек Токтогазиев, Али Токтакунов, Наталья Никитенко “Ата Мекен” партиясынын алдыңкы бештигине кирди.

Алдыңкы бештикке кирген “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан: Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Орозайым Нарматова, Эмил Токтошев (депутаттын милдетин аткаруучу), Кыянбек Сатыбалдиев (орун басарынын милдетин аткаруучу).

“Азаттык” партиясы: Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошева, Исмаил Исаков, Медеткан Шеримкулов, Бактыбек Калмаматов.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоо 2021 -жылдын 28 -ноябрына белгиленген.

Президент Бирназар бийдин эстелигинин ачылышына катышты

КР президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда улуттук баатыр Бирназар Алдаш уулунун эстелигинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналган иш-чара Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда болуп өттү.

Мамлекет башчысы Бирназар бийдин эстелигине гүл коюп, Куран окулду.

Бирназар бий башкаруучу, дипломат жана чет элдик баскынчыларга каршы күрөштө кыргыз элинин лидерлеринин бири катары тарыхта чоң из калтырган.

«Мадина» базарынын аймагында жаңы милиция бөлүмү ачылды

Бишкекте «Мадина» базарынын аймагында Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы милиция бөлүмү ачылды. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаардык ИИББдин башчысы Азамат Ногойбаев, начальниктин орун басары Тилек Түкебаев, Свердлов райондук милициясынын башчысы Азамат Байгазиев, «Мадина» базарынын жана «Элчи» ЖЧКнын өкүлдөрү катышты.

Ногойбаев «Мадина» базарынын өкүлдөрүнө өз ара кызматташтык жана бишкек милициясына ошкон салымы үчун ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, милициянын жаңы ачылган бөлүмү 09:00дөн баштап 22:00гө чейин иштейт, жарандарды жана шаардын конокторун кабыл алуу, коомдук коопсуздукту жана жарандардын укугун коргоо боюнча өз убагында жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар каралган. Милициянын аталган пунктунда 4 кызматкер иштеп жатат, алар ушул аймакты тейлешет.

Red Petroleum – фермерлерди колдоо акциясын улантууда

Red Petroleum май куюучу жайларынын тармактары фермерлерге дизель күйүүчү майы жана АИ-80 маркасындагы бензин үчүн арзандатуучу талондорду кайтарымсыз түрдө таратууну баштады. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, ар бир талон литрин 0,5 сомго арзан алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул акция күзгү оруп-жыюу иштерин жүргүзүү мезгилинде жер ээлерин жана жеке фермерлерди колдоо максатын көздөйт. Эми фермерлер арзандатуу белгиси бар талондорду каалаган көлөмдө күйүүчү май алууга колдоно алат.

Red Petroleum май куюучу жайларынын тармактарынын башкы директору Акылбек Маматов белгилегендей, фермерлерди колдоого багытталган аталган чара Россиядагы заводдордон көп көлөмдө ээлөө жана кардарларды үзгүлтүксүз камсыздоого керектүү күйүүчү-майлоочу каражаттардын корун сактоо жолу менен ишке ашырылууда.

Ал: “Күзгү талаа жумуштарын үзгүлтүксүз өткөрүү үчүн мурда сатылып алынган күйүүчү майдын корун эске алуу менен Red Petroleum май куюучу жайларынын тармактары бааларды азыркы деңгээлде кармап туруу жана жакынкы келечекте жогорулоосуна жол бербөө аракетин көрүүдө”, – деп баса белгиледи.

Белгилей кетсек, компания дайыма ар кандай колдоо акцияларын өткөрүп келет. Алсак, буга чейин Red Petroleum май куюучу жайларынын тармактары 100 миң арзандатуучу талондорду бекер тараткан.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылсаңыздар болот: 0550 152 000, 0705 000 151, 0705 000 151 (WhatsApp)

ЖАМКнын 31-колониясынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 31-колониясынын жетекчиси “А.Т.О.” пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын кызматкерлери кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ЖАМКнын 31-колониясынын жетекчиси “А.Т.О.” коррупция фактысы боюнча кармаган.

“Белгиленгендей, “А.Т.О.” өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жазасын өтөп жаткан адамдан жатак-абакка которуу же шарттуу түрдө бошотуу боюнча материалдарды даярдоо үчүн акча талап кылган”, – деп айтылат маалыматта.

Ошентип, 2021-жылдын 7-октябрында КР Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (“Коррупция”) боюнча каралган кылмыштын негизинде кармалган “А.Т.О.” КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.