Home Blog Page 1806

ЖК депутаттары жаңы өкмөттүн курамын карап жатат

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик аппараттын жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып Акылбек Жапаровду дайындады. Жаңы өкмөттүн курамы ушу тапта парламенттин тиешелүү комитетинде каралууда.

Депутат Айнуру Алтыбаева министрлер арасында жалгыз айым калганын белгилеп, ошону менен катар областтык, райондук бюджеттер туура чечилип, бир топ жакшы иштер жасаларына ишенди. Ал Акылбек Жапаровдун ишине албан ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек,жалгыз айым министр болуп Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — Динара Кутманова болуп дайындалды.

Эске салсак, Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин жетекчиси болуп 8 ай иштеген.

Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге мурунку Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021/2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу максималдуу бааны белгилөө менен 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

Президент сунуштаган Министрлер кабинетинин курамы

Жаңы сунушталган өкмөттүн курамы белгилүү болду. Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы кызматына талапкер — Акылбек Жапаров. Буга чейин бул кызматты Улукбек Марипов ээлегеню

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары — Арзыбек Кожошев;

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Азиз Аалиев;

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Эдил Байсалов;(мурда бул кызматты Жылдыз Бакашева ээлеген)

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы — Камчыбек Ташиев;

Экономика жана коммерция министри — Данияр Амангелдиев;(мурда бул кызматта Акылбек Жапаров иштеген)

Финансы министри — Алмаз Бакетаев;

Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;

Юстиция министри — Аяз Баетов;

Транспорт жана коммуникация министри — Эркинбек Осоев;

Энергетика министри — Доскул Мырзаев;

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — Динара Кутманова;

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри — Кудайберген Базарбаев;

Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри — Азамат Жаманкулов;

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри — Алымкадыр Бейшеналиев;

Билим берүү жана илим министри — Болотбек Купешев;

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков;

Коргоо министри — Бактыбек Бекболотов;

Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев

Маданият жана маалымат министри – Азамат Жаманкулов (мурда Кайрат Иманалиев жетектеген)

Акылбек Жапаров кызматка дайындалды

Акылбек Жапаров КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын – КРнын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси менен, Жапаров Акылбек Үсөнбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө Жарлыкка кол койду


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин азыркы курамы отставкага кетирилди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат.

Улукбек Марипов кызматтан бошотулду

Улукбек Марипов КР Министрлер кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 71-беренесине ылайык, Марипов Улукбек Асамидинович Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулду.

Бишкекте жеке турак жай баасы 12% төмөндөдү

Бишкекте жеке турак жай баасы жыл башынан бери орточо эсеп менен 12% төмөндөгөнүн 12-октябрда Tazabek басылмасы мамлекеттик “Кадастр” ишканасынын маалыматына таянып жазды.

Жер тамга суроо-талап Ленин районунда көбүрөөк (34%) экени, экинчи орунда Биринчи Май району, үчүнчү орунда Свердлов району турары аныкталды.

Октябрь районунда көп кабат үйлөр басымдуулук кылгандыктан жер тамдар азыраак, ошондуктан бул район боюнча суроо-талап деңгээли эң төмөн.

Борбор калаанын түштүк-батышындагы Ленин районунда жеке турак жай курулган аймак 2005-жылы жер тилкелери бөлүштүрүлгөндө кеңейе баштаган.

Кыргыз элинин желегин желбиреткендер Бишкекке келди

Спорттук күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнач мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бүгүн, 12-октябрда, “Манас” эл аралык аэропортунда Дүйнө чемпионатына катышкан эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев менен Алибек Осмонов жана грек-рим күрөшү боюнча спортчу Жоламан Шаршенбековду тосуп алуу иш-чарасы өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышты.

Илязбек Балташев улуттук курама команданы жеңиши менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалады.

“Бишкекжылуулукэнергонун” 66 отканасы толук кубаттуулукта иштеп жатат

“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы абоненттерин жылытууга кошту, – деп билдирет шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын бардык 66 отканасы толук кубаттуулукта иштеп жатат.

Ишкананын балансында турган 12 медициналык мекеме, 14 бала бакча, 41 мектеп, 8 университет жана 26 бюджеттик уюм, 622 турак үйдүн 614ү жылуулук энергиясына кошулду.

Малдыбаев көч. №12, 14, Кеңсуу көч. №17/1, 17 / 1-1, 19, Ахунбаев көч. №131В, Лев Толстой көч. №190 даректериндеги турак үйлөр ички системалар даяр болбогондуктан жылуулукка туташкан эмес. Алар келишимдер боюнча өзүн-өзү тейлейт.

Эске сала кетсек, Бишкекти жылуулук менен эки уюм камсыздайт: “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы жана “Бишкекжылуулуктармагы” ААКсы.

“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы шаардын түндүк-батыш жана түштүк-батыш бөлүктөрүн тейлейт: Жал кичи району, Аскер шаарчасы, Газ шаарчасы, “Орто-Сай” жана “Калыс-Ордо” конуштары, Жумушчу шаарчасы. Шаарга жылуулук берген уюмдар бири-биринин ишине жооп бербейт.

Урмамбетов Ош облусунун алыскы аймактарындагы ички иштер бөлүмдөрдү текшерди

Кечээ, 11-октябрда Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Абитов менен биргеликте Ош облусунун эң алыскы Алай жана Чоң-Алай райондоруна иш сапарын улантышты. Жер-жерлерде министрдин орун басары материалдык-техникалык камсыздоонун абалы менен таанышып, кызмат өтөөдөгү шарттарды, бөлүмдөрдүн жаңы техникалар менен жабдылышын текшерди.
Алай жана Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы менен жолугушуп, кызматтык форма менен камсыздалышын, сырткы келбетин, кызматтык бөлмөлөрдүн, нөөмөт бөлүмчөлөрдүн бөлмөлөрүнүн абалы, андагы шарттар менен таанышып чыкты. Министрдин орун басары өздүк курам менен маектешүүдө шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда ички иштер органдарынын алдында турган милдеттерге өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирди. Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда милициянын негизги милдеттеринин бири коомдук тартипти, коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын шайлоо укуктарын коргоону тапшырды. Чоң-Алай районунда Октябрь Урмамбетов аймактык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин күчү менен курулуп жаткан беш бөлмөлүү кызматтык үйдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары татаал учурда кесиптештерине турак жай менен жардам берүүнү чечкен өздүк курамдын бул кадамдарын жогору баалады. Ал ошондой эле кызматкерлердин тизмесин сурап, ведомстволук сыйлыктарга тапшырууну сунуштады. Министрдин орун басары мамлекет укук коргоо органдарынын кызматкерлерине керектүү шарттарды түзүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.
Учурда азыркы коомдун жашоосун илимдин жана техниканын жетишкендиктерисиз элестетүү мүмкүн эмес жана бул багытта ички иштер министрлиги зарыл болгон аракеттерин көрүүнү улантууда.
Октябрь Урманбетов жолугушуу учурунда өздүк курамга мамлекет башчы тарабынан ички иштер органдарына ар тараптуу шарттарды түзүү үчүн алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткандыгына токтолду. Мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп жаткандыктан ички иштер министрлиги тарабынан жер-жерлерде коомдук коопсуздукту сактоого керектелген заманбап жабдуулар менен камсыздоону колго алып алгачкы кадамдар болуп жаткандыгын маалымдады.
Бул багытта Бишкек жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милициянын аймактык тескөөчүлөрү үчүн заманбап техникалар менен жабдуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын кабарлады.
Бүгүн, 12-октябрда О. Урмамбетов Ош ОИИБде өздүк курам менен жолугуп, аймактык милиция бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарып, тапшырмаларды аткаруу үчүн бир катар талаптарды коюп, ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн приоритеттүү багыттарын белгиледи. Анда бөлүмдөрдүн жетекчилери, анын ичинде ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун жана Күзөт кызматынын түштүктөгү башкармалыгынын начальниктери катышты.
Жетекчилерге милициянын аймактык бөлүмдөрүн текшерүүнүн жүрүшүндө айрым кемчиликтер аныкталгандыгын айтып, аны жоюу керектигин тапшырды. Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары Жогорку Кеңештин депуттартарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыздоого багытталган бардык зарыл чараларды көрүүнү талап кылды, шайлоону өткөрүү маалында укуктук-ченемдик актыларды, шайлоо мыйзамдарын окуу, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча өздүк курам менен теориялык сабактарды жана тескемелерди өткөрүүнү тапшырды.
Андан соң ИИБдин начальниги менен бирге ИИМдин Ички аскерлеринин 703 аскер бөлүгүнө келишип, аскер кызматчылары менен маектешип, материалдык-техникалык камсыздалуусун жана унааларын текшерди. Командирлерине аскердик тартипти бекемдөөгө, күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууда мыйзамдуулуктун жана укуктук тартиптин сакталуусуна өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын МКККнын полкуна дагы барып, кызмат өтөөдөгү шарттарын, кезметтердин уюштурулушун жана аткарылышын, материалдык-техникалык камсыздалуусун, унааларын текшерди. Жетекчилиги жана өздүк курамы менен маектешти.
“Облустун айылдарынын жана шаарларынын көчөлөрүн үзгүлтүксүз кайгулдоо кылмыштуулуктун азайышына жардам берет. Сиздер өз милдеттериңиздерге олуттуу карап, мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздап, жабырлануучуларга тез арада жардам беришиңиздер керек. Сиздер кынтыксыз жүрүм-турумуңуздар менен айырмаланышыңыздар керек”,-деди О. Урмамбетов.
Ошондой эле, Ош шаары жана Ош облусу боюнча санариптештирилген командалык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Эске салсак, учурда “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын республиканын бардык аймактарына ишке ашыруу боюнча иштер жасалып жатат.

ИИМдин басма сөз кызматы