Home Blog Page 1805

Чүй облусунун ИИББы Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын азгырыктарына алдырбоого чакырат

YouTube video

Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын көпчүлүгү өз катарларына адамдарды тартуу жолдорун интернет аркылуу жана башка жолдор менен ишке ашыраары анык. Алгач таанышуу, кийин баарлашуу аркылуу өздөрүнүн ишенимине киргизип алышаары белгилүү.
Көбүнчө алар өз катарларына, адамдар менен аз байланышта болгон жана оор кырдаалдагы адамдарды тартып алууга жөндөмдүү.
Андыктан интернет түйүндөрү аркылуу же башка жайларда бейтааныш адамдар менен таанышып, пикир алышууда, алар жөнүндө кенен маалыматтарды алууга аракет кылыңыз. Бейтааныш адамдар тарабынан жумуш түрлөрүн сунуштаса алардын мыйзамдуулугун билүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардан кеңеш алуу маанилүү.
Чүй ОИИББы эскертет: Эгерде кандайдыр-бир шектүү адамдар түрдүү азгырыктарга чыкырганы байкалса же тыюу салынган уюмдар менен мамиледе болгон жарандар тууралуу маалыматтар болсо тез арада ИИОго кабарлоо зарыл.
Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Коронавирус илдети 63 адамдан аныкталды, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 13-октябрга карата коронавирус дагы 63 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 35,

Чүй облусунда – 16,

Ош облусунда – 1,

Талас облусунда – 1,

Ысык-Көл облусунда – 8,

Жалал-Абад облусунда – 2.

Акыркы суткада эки бейтап каза болду.

Бир күндө 122 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 623 адам дарыланууда.

Темир Сариев эркиндикке чыккан жок

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев абакта калтырылды. Мындай чечимди 12-октябрда Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Ал эми соттун имаратынын алдында Сариевдин тарапташтары чонулуп, аны бошотууну талап кылышты.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту Сариевдин бөгөт чарасын 24-сентябрда карап, аны 30-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырган.

Белгилей кетсек, ал 3-августта Кумтөр кениндеги жемкорлукка байланыштуу кармалган.

Саясатчы кармалышынын себебин ага жалган-жалаа жабылып жатканы менен түшүндүрөт.

Акылбек Жапаров: “сунуштарымды буга чейинки президенттерге айткам”

Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Акылбек Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент койгон талаптарды аткаруу толук мүмкүн экенин айтты.

«Президент алдыга коюп жаткан талаптарды аткарууга толук мүмкүнчүлүк бар. Ага колдон келген баардык аракетти жумшоого даярмын. Мен азыркы айтып жаткан пикирлеримди, сунуштарымды буга чейинки президенттерге, өкмөт башчыларга айтып эле келгем. Бирок, алар Садыр Жапаровдой чечкиндүү кадам кыла алышкан эмес. Буга чейин эле «Кумтөрдү» өзүбүзгө алсак болот, коррупцияны жоюп, өлкө казынасын толтурса боло турганын да айткам», — деди Жапаров.

Президент кеңешме өткөрөт

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун таза өтүшү тууралуу маселе боюнча 21-октябрь күнү жалпы республикалык кеңешме өткөрөт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун 12-октябрда алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу кайрылуусунда айтылат.

«Кеңешмеге айыл өкмөттөрдөн баштап, өкмөт башчысына чейин бардык жетекчилер катышат. Ошол жерде кеңири сөз болот», – деди Касмамбетов.

Министрликтер кайрадан өз алдынча болуп бөлүндү

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети президент Садыр Жапаров сунуштаган министрлер кабинетинин жаңы курамын жактырды. Жыйындын аягында депутаттар президент тарабынан сунушталган курам толугу менен колдошту. Акылбек Жапаров айрым министрликтерде өзгөрүү боло тургандыгын билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Саламаттык сактоо, социалдык министрлигинде, экономика жана финансы министрликтери кайрадан өзгөртүлөт.

“Биз 9 айдын аралыгында анализ жасадык. Анда министрликтер бириккен болчу. Тактап айтканда, Саламаттык сактоо менен социалдык өнүктүрүү  министрликтери бириккен, ошону менен бирге финансы министрлиги менен Экономика министрликтери бириккен. Булардын баары кайра өз алдынча болмокчу”, – деп баса белгиледи Жапаров.

Эске салсак, алты ай мурда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү, экономика жана финансы министрликтери бириктирилген болчу.

Акылбек Жапаровду жаңы Конституцияга ылайык Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик аппараттын жетекчиси кызматына сунуштаганын мамлекет башчы Садыр Жапаров 12-октябрда жарыялады.

Ал социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчасына Жапаров өлкө экономикасын кризистен алып чыгууга убада бергени менен түшүндүрдү.

Депутат: “Улукбек Марипов резиденцияда жашаганын бюджетке төлөп бериши керек”

ЖК депутаты Нурбек Сыдыгалиев Улукбек Мариповдун мамлекеттик резиденцияда мыйзамсыз жашагандыгын айтып чыкты.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети бүгүн 12-октябрда Министрлер кабинетинин жаңы курамы жана түзүлүшү боюнча маселени карап, президенттин сунушун колдоду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Акылбек Жапаров депуттаттардын суроолоруна жооп берди.

“Мыйзам боюнча резиденцияда жашаганга анын укугу жок. Ошондой эле ага кароолчу да берилген. Ал мамлекетке аларды колдонгондугуна байланыштуу акы бериш керек. Ага канча сом жумшалганын Акылбек Жапаровго суроо узатты.

Буга Акылбек Жапаров жооп бере алган жок. – Бул жагдайды Эсеп Палатасынан сураш керек. Буга чейин ага турак жай жана сакчы берилиш керек болчу. Ал эми мыйзам кечээ жакында эле кабыл алынды, – деди Жапаров.

Депутат Акылбек Жапаровдун жообуна толук ынанган жок. – Эсеп Палатасынан да сурайбыз. Чыгымдарды ким жабат. Ал буга кеткен каражаттарды мамлекетке төлөп бериши керек, – деди.

Акылбек Жапаров: Мариповду кеткен чыгымдарды аны төлөп бер деген уят деди. Кеткен чыгымдар бюджеттен алынганын кошумчалады.

Сыдыгалиев мындай нерсе туура эместигин баса белгилеп, “мамлекеттин бюджетине баарыбыз бекер жашап, анысы аз келгенсип дагы унааларды айдайлы!”, – деди.

Мамлекеттик катчы кайрылуу жасады

жаңы дайындалган мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 12-октябрда, алдыдагы парламенттик шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов төмөнкүлөрдү белгиледи::

«Урматтуу замандаштар!

“Элди тажаткан, коомду ириткен саясатчылардан арылып, люстрация кылуу керек” деген талап көптөн бери айтылып келет.

Эң туура! Бул мүдөөнү баарыбыз колдойбуз. 15 жылдан бери люстрацияны ишке ашырабыз деп какшап келе жатабыз. Бирок ишке ашпай жаткан. Эми, мына, ишке ашыруу процесси башталды. Президент тарыхыбызда биринчи жолу люстрацияны жүзөгө ашыруу үчүн элге шарт түзүп берди. 36 депутат түздөн-түз аймактардан шайланып келишет. Өзүңөрдүн ишенген өкүлүңөрдү шайлап аласыңар. Бирөө-жарым кысым көрсөтүп, баланчаны шайлайсың деп кыйнай албайт. Мамлекеттик кызматкерлер тигил же бул талапкердин пайдасына иштебейт. Иштешсе жоопкерчиликке тартылып, жазасын алышат.

54 депутат партиялык тизме менен шайланат. Мурдагыдай тизме башына төбөсү көрүнгөн, акчалуу саясатчы туруп алып, партиясын өткөрүп, артынан 20-30 элге жакпаган депутаттарды ээрчитип келмей жок. Эми мындан ары партияга добуш берип, анын ичиндеги өзүңөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиңер. Добуш албаган талапкер өтпөйт. Мына силер жасай турган люстрация, урматтуу замандаштар!

Айрым радикалдуу жарандарыбыздын оюна койсо, “жакпаган саясатчылардын баарын тизип туруп атыш керек” дешет. Азыр 21-кылым. Андай кылган болбойт. Азыркы метод — эң туура метод. Саясатчымын деген жаран үчүн элдин добушун албай, көпчүлүктүн ишеничинен кетип, парламентке өтпөй калуудан өткөн жаза жок. Мына жаза, мына люстрация деген ушул.

Эн негизгиси, өзүңүздөр добушуңуздарды сатпасаңыздар болду.

Тескерисинче, сатып алам дегендерди ашкерелеп, кармап берип турсаңыздар шайлоонун таза өтүшүнө чоң жардам берген болосуздар.

Шайлоонун таза өтүшү тууралуу маселе боюнча президентибиз 21-октябрь күнү жалпы республикалык кеңешме өткөрүп жатат. Айыл өкмөттөрдөн баштап, Өкмөт башчысына чейин бардык жетекчилер катышат.

Ошол жерде кеңири сөз болот», – деп айтылат мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун кайрылуусунда.

Министрлер кабинетинин жаңы курамын депутаттар бир добуштан колдоп беришти

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик аппараттын жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып Акылбек Жапаровду дайындады. Ал эми жаңы Министрлер кабинетинин курамын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карап, бир добуштан колдоп беришти.

Акылбек Жапаровду жаңы Конституцияга ылайык Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик аппараттын жетекчиси кызматына сунуштаганын мамлекет башчы Садыр Жапаров 12-октябрда жарыялады.

Ал социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчасына Жапаров өлкө экономикасын кризистен алып чыгууга убада бергени менен түшүндүрдү.

Министрлер кабинетинин жаңы курамы: 

  • Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары — Арзыбек Кожошев;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Азиз Аалиев;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Эдил Байсалов;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы — Камчыбек Ташиев;
  • Экономика жана коммерция министри — Данияр Амангелдиев;
  • Финансы министри — Алмаз Бакетаев;
  • Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
  • Юстиция министри — Аяз Баетов;
  • Транспорт жана коммуникация министри — Эркинбек Осоев;
  • Энергетика министри — Доскул Мырзаев;
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — Динара Кутманова;
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри — Кудайберген Базарбаев;
  • Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри — Азамат Жаманкулов;
  • Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Билим берүү жана илим министри — Болотбек Купешев;
  • Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков;
  • Коргоо министри — Бактыбек Бекболотов;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев.

Азамат Жаманкулов кайра министр болуусу мүмкүн

Мурунку Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматына көрсөтүлдү. Бул тууралуу 12-октябрда ЖК комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Учурда Министрлер кабинетинин жаңы курамы каралып жатат.

Министрлер кабинетинин толук курамы бүгүн, 12-октябрда кызматынан бошотулган.