Жапаров: Он айда 33 вагон кагаз сатып алыптырбыз
1-июлдан баштап кагаз сатып берүүнү токтотуу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.
"Кечээ мен электрондук документке биринчи жолу кол койдум. Бүгүндөн баштап электрондук...
Салык төлөбөгөн эң оор кылмышка айланат деген принципти президент колдойт
Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өттү. Анда Жапаров салыктар тууралуу кеп козгоду.
«Биз башкарууну өзгөртүп, фискалдаштырууну күчөтүп – коррупцияны кыскартып кошумча...
Мугалимдердин да айлыгы көтөрүлөт, – өлкө башчы
Учурда Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө.
Жыйналыштын жүрүшүндө, өлкө башчы мугалимдердин да айлыгы көтөрүлөөрүн айтты.
«Биринчиден, Саламаттык сактоо , маданият системасынын кызматкерлеринин эмгек...
Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечимимди кабыл алдым, – Жапаров
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, министрлер кабинетинин жыйналышында билдирди.
«Мен бир жаңылыкты сөзсүз айтып коюшум керек. Өткөн жылы Президенттик шайлоого аттанганда биринчи...
Садыр Жапаров: Центерра өзү «Күмтөр» ага таандык эместигин моюнуна алды
Бүгүн, 25-декабрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө.
Жыйналыштын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Центерра өзү «Күмтөр» ага таандык эместигин моюндаганын билдирди.
«Чет өлкөлүк...
Садыр Жапаров: “Аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясын 77 тыйындан 50 тыйынга түштү”
Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө.
Жыйналыштын жүрүшүндө Жапаров аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясын 77 тыйындан 50 тыйынга түшүргөнүн айтты.
«Аз...
Эрулан Кокулов менен Мирлан Самыйкожо бир сом коротпой депутат болду, – президент
Жапаров бир сом акча коротпой Эрулан Кокулов менен бир мандаттуу округдан акчасы жок акын Мирлан Самыйкожо өткөнүн белгиледи.
«Бул шайлоо бардыгына чоң сабак болду. Шайлоо...
Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө
Бүгүн, 25-декабрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө.
Жыйында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2021-жылдагы аткарган ишинин отчету угулуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын...
COVID-19 инфекциясынан 2 бейтап көз жумду
Бүгүн, 25-декабрга караган суткада COVID-19 инфекциясынан 2 бейтап көз жумду. Ал коронавируска каршы эмделген эмес, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.
Маркумдар Бишкек шаарында жана Баткен облусунда дарыланып...
Досоновго карата баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылды
Мурда маалымдалгандай, УКМК башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга байланышкан оор кылмыштарды жасаган деп айыпталган криминалдык авторитет К.Досоновго карата тергөө иштери аяктады.
Тергөө аяктагандан кийин бул кылмыш ишин кароо үчүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна жөнөтүлүп, анын чечими менен үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында К.Досоновго карата баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылган.
Ошону менен бирге, үстүбүздөгү жылдын 24-декабрында төрагалык кылуучу алмашкандыгына байланыштуу, К.Досоновго карата мурда кабыл алынган чечим кайра каралып чыккан.















