
Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан коммерциялык багыттагы имараттар турган жер тилкелер Ош шаарынын мэриясынын балансына кайтарылып алынды. Бул тууралуу кечээ, 20-июнда муниципалитеттен кабарлады. Маалым болгондой, аталган имараттар жайгашкан жер аянттары №4 Киров атындагы орто мектебине караштуу болуп, 2004-жылы мэриянын токтомунун негизинде жеке тарапка берилип кеткен. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде жеке тарапка өткөрүп алган жаран, мэриянын балансына өз ыктыяры менен кайтарып берди.