
Бүгүн, 20-июнда саат болжол менен 06:00дө Жайыл районуна караштуу Ош-Бишкек унаа жолунун 170-чакырымында жол кырсыгы катталып, 4 киши каза болду. Бул тууралуу ЖКККБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасы түштүктөн-түндүккө карай бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн.
Кесепетинен жеңил унаада бара жаткан төрт адам ошол жерде каза болуп калган. Аты-жөндөрү такталып жатат. Азыркы учурда Жайыл РИИБү жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жеринде иштеп жатышат.