АКШда ВИЧтен толук коргой турган вакцина иштелип чыкты

АКШда ВИЧтен толук коргой турган вакцина жасалды. Жылына болгону эки жолу гана укол алуу жетиштүү.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Yeztugo препараты 7 миң ыктыярчынын катышуусунда эки этаптык тестирөөлөдөн өткөн. Анда ал өзүнүн 99-100 пайыз эффективдүүлүгүн көрсөткөн.

Ал корголбогон жыныстык байланышта да вирустун жугушун толугу менен бөгөттөйт. Препаратты иштеп чыгуу дээрлик 20 жылга созулган. АКШда вакцина жылдын аягына чейин чыгарылып, кийинчерээк башка өлкөлөрдө да жеткиликтүү болору айтылууда. Эки жолу ийне алуунун баасы 28 миң 218 долларды түзөт.

Super.kg