Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев үй камагына чыгарылды

Талас шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди 18-июнда үй камагына чыгарды. Мындай өтүнүчтү Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү келтирген.

Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

9-июнда Талас облустук милициясы Бокоевди Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармаган. Шаардык сот Бокоевдин бөгөт чарасын карап, 9-июлга чейин камакка алган.

Кылмыш иши ал 2005-2010-жылдары азыркы Айтматов районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган учурга байланыштуу экенин облустук милициянын басма сөз кызматы тактаган.

Экс-депутат, анын жакындары жана адвокаты милициянын айыптоосу жөнүндө комментарий бере элек.