
Жалал-Абад шаарында базардан ири өрт чыгып, 4 бөлүм тартылды. бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ала маалымат боюнча бүгүн, 19-июнда Береке базарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 09:15тен тарта жалпы 4 бөлүм тартылып, учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле тез жардам кызматынан 1 бригада жана ИИМден кызматкерлер жерине тартылды.