Чолпон-Атада ЖККУнун киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференциясы башталды

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) киберкоопсуздук маселелери боюнча биринчи эл аралык конференциясы башталды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрү жана киберкоопсуздук боюнча эксперттер катышууда.