ИИМ маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин иниси кармалганын билдирди

Ички иштер министрлиги Ысык-Көл облусунда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганын билдирди. Мекеменин 17-июндагы маалыматына ылайык, май айында ИИМге 2009-жылы Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жетекчилери Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жер тилкесин мыйзамсыз бергени тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (“Коррупция”) негизинде кылмыш ишин козгогон.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийликтин токтомдорунун негизинде Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн тургуну С.К. аттуу жаранга спорт комплекс салуу үчүн беш гектар жер тилкеси 49 жылга ижарага бөлүнүп берилген.

Бирок кандайдыр бир себептер менен спорт комплекс курулбай калып, айылдын тургундары С.К.дан жерди мамлекетке кайтарып берүүнү талап кылышкан. Ошол маалда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү келип, 5 гектардын ичинен 1 гектарды бөлүп беришин талап кылышкан.

Кырдаал курчуп кеткендиктен жердин ээси Камчы Көлбаевдин инисине (Ж.К.) кайрылып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутуп жатканын, көйгөйдү чечим бериши үчүн беш гектар жердин бир бөлүгүн берүүнү убадалаган.

“Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү: 1977-жылы туулган С.А., 1976-жылы туулган К.Ж., 1974-жылы туулган Э.М. жана 1976-жылы туулган О. А. кармалган. Алар Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, – деп жазылган маалыматта.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары укук коргоо органдарындагы булактарына таянып Камчы Көлбаевдин бир тууган иниси Жолдошбек Көлбаев кармалганын жазып чыгышкан.