Бишкекте Курманжан датка көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Муниципалитеттен билдиришкендей, 20-апрелден тартып аталган көчөнүн Чүй проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери менен жол катмарын реабилитациялоо башталат.

Курманжан датка көчөсүндөгү реконструкциялоонун биринчи бөлүгү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин созулат. Магистралдык жылуулук тармагынын аралыгы 580 метр, түтүктөрдүн диаметри 700 мм. Бул тармак 1984-жылдан бери иштеп келе жатат жана өзүнүн ченемдик мөөнөтүн аткарган.

Жылуулук тармагынын экинчи бөлүгү Фрунзе көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейин жүргүзүлөт. Бул аймактын узундугу 340 метр, түтүктөрдүн диаметри 426 мм. Тармактын бул бөлүгү да 1984-жылы ишке киргизилген жана тез арада алмаштырууга муктаж болуп жаткан авариялык абалда.

Жумуштар Курманжан датка көчөсүн Чүй проспектисинен Салиева көчөсүнө чейин толук жабылып жүргүзүлөт.