
Вьетнамдын Ханой шаарындагы Президенттик сарайда өлкөгө расмий сапар менен келген Кыргызстандыгн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолугушуусунун расмий аземи болуп өттү.
Эки өлкөнүн улуттук гимндери жаңырды. Өкмөт башчылары ардактуу кароолду кыдырып, бири-бирине расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырышты.
Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен эки тараптуу жолугушуусу болду.
Жолугушуунун алдында делегация башчыларынын биргелешкен сүрөткө түшүү аземи болуп өттү.