
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында төраганын биринчи орун басары Кемел Садыков менен узатуу иш-чарасы болуп өттү.
Ал берген арызынын негизинде Министрлер кабинетинин төрагасынын тиешелүү тескемеси менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Расмий маалыматтар боюнча, Кемел Садыков 2021-жылдын 16-сентябрынан бери Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.