Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын мурдагы депутаты жана “жер мафиясын” уюштуруучулардын бири кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын экс-депутаты 1977-жылы туулган С.М.Т. жана “жер мафиясын” уюштуруучулардын бири 1978-жылы туулган А.Б.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Буга чейин да Баш-Дөбө айыл аймагынын мурдагы башчысы 1962-жылы туулган У.Ы.Д. жана аталган айыл аймактын азыркы адвокаты 1981-жылы туулган И.И.А. жана алардын шериги 1980-жылы туулган Н.М.М. кармалган.
Тактап айтканда, 2019-2021-жылдар аралыгында аталган адамдар алдын ала макулдашууга кирип, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн токтомдорун жана жер тилкелерине муктаж жарандардын тизмесин атайылап жасалмалап, кол коюп, андан соң аларды мыйзамдаштыруу максатында Өзгөн районунун архивине, архитектурасына жана кадастрына өткөрүп беришкени аныкталган. Натыйжада жасалма документтердин негизинде 2021-жылы КР өкмөтүнүн токтому менен Ош облусунун Өзгөн районундагы 22 га жер “Айыл чарба багытындагы” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына трансформацияланган.
Учурда жогоруда көрсөтүлгөн жер алдамчылыгына тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары улантылууда.