УКТ мүчөсү массалык башаламандыкка чакырууга шектелип кармалды 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети массалык башаламандыкка чакыруу шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады.

Атайын кызмат массалык баш аламандык уюштурууну көздөгөн уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында 1988-жылы туулган “Огуз” каймана аттуу КР жараны Б.Э.Б. кармалды. Ал жоюлган К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган. Шектүү 2013-жылы КР Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (1997-ж. редакциясы, Адам уурдоо) менен, ошондой эле 2022-жылы КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (“Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо”) боюнча соттолгон.

Кармалган Б.Э.Б. социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу жок кылынган К. Асанбек үчүн өч алуу ниетинде массалык баш аламандыкка чакырган постторду байма-бай жарыялаганы аныкталган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандык”) менен кылмыш иши козголуп, кармалган Б.Э.Б. Юстиция министрлигинин №21 мекемесине киргизилген, учурда жогоруда аталган фактылар боюнча кылмыштуу байланыштарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.