Садыр Жапаров бир катар чет мамлекеттердин сот тутумунун жетекчилерин кабыл алды 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда “Ынтымак Ордодо” бир катар чет өлкөлөрдүн сот тутумунун жетекчилерин кабыл алды.

Мамлекет башчысы Түркия Жогорку кассациялык сотунун төрагасы Өмер Керкез, Азербайжан Жогорку сотунун төрагасы Инам Керимов, Молдова Жогорку сот палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу Стела Прокопчук, Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун төрагасы Алексей Дронов, КМШ Экономикалык сотунун төрагасы Андрей Плотников, Кытай Жогорку элдик сотунун төрагасынын орун басары Дэн Сюмин, Беларусь Жогорку сотунун биринчи орун басары Валерий Калинкович, Казакстан Жогорку сотунун жазык иштери боюнча коллегиясынын төрайымы Назгүл Рахметуллина, Тажикстан Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Саидали Сабзали, Өзбекстан Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Шухрат Полванов, Армения Кассациялык сотунун Коррупцияга каршы палатасынын төрагасы Артур Давтян жана Европа комиссиясынын демократия үчүн укук боюнча вице-президенти (Венеция комиссиясы) Вероника Билковаларды кабыл алды.

Президент сот органдарынын жетекчилери менен салам алышууда Кыргызстандын сот тутумунун 100 жылдык мааракеси – мамлекеттин өнүгүү жолундагы тарыхый окуя экенин айтты. Буга байланыштуу ал бул тарыхый окуяга жогорку даражалуу коноктордун катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров ар бир мамлекеттин өнүгүшүндө сот системасынын ролу жогору экенин белгилеп, Кыргызстандын сот тутуму, анын ичинде судьялар менен сот системасынын кызматкерлери укуктук мамлекеттин калыптанышына баа жеткис салым кошуп, жарандардын мыйзамдуу укуктары менен эркиндигин ишенимдүү коргоп келатканын айта кетти.

Мамлекет башчысы Кыргызстан башка мамлекеттер менен көп тараптуу интеграциялык процесстерди толугу менен колдой турганын кошумчалады. Буга байланыштуу ал боордош өлкө жана стратегиялык өнөктөш санаган мамлекеттер менен достук мамиле жана өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн укуктук, маданий, гуманитардык жана илимий тажрыйба алмашуу чөйрөсүндө болгон күч-аракет жумшалып жатканын айтып өттү.

Сөзүнүн соңунда президент Садыр Жапаров жолугушууга өкүл болуп келген өлкөлөр менен кызматташуунун зор потенциалы бар экенине ишеним билдирип, бул багытта иштерди улантуу зарылчылыгын белгиледи.