Ошто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, изделип жаткан 7 жашар кыздын сөөгү Өзбекстандын Андижан шаарынынан Шахрихонсой сайынан табылды. Эми анын сөөгү “Достук” чек ара постунан кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.
“Учурда ӨКМдин Ош шаары боюнча куткаруу кызматы тарабынан 2 аял киши жана 2 кичине кыз изделүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, күн мурун Ош облусунда катуу сел жүрүп, турак жайларды, короо-сарайларды, соода күркөлөрүн жана айдоо аянттарын суу каптаган.