Чүй облустук сотунун судьясы УКМКдан качууга аракет кылды

Опузалап акча талап кылган деп шектелген судья качууга аракет кылып, жол кырсыкка кабылган

УКМКнын басма сөз кызматы айыпталуучудан ири суммадагы акча талап кылган деп шектелген Чүй облустук сотунун судьясынын кармалышынын видеосун таратты.

Буга чейин атайын кызмат судья Улукбек Калыбековду кармоо учурунда комитеттин кызматкерлеринен кызматтык унаасы менен качууга аракет кылып, жол кырсыгына кабылганын билдирген.

Эскерте кетсек, судья кылмыш ишин козгогон соттолуучудан актоо үчүн 10 миң доллар талап кылган. Айыпталуучу андан баш тарткан. Андан кийин соттун катчысы судьянын көрсөтмөсү менен айыпталуучудан эркинен ажыратуу менен байланышпаган жаза колдонгон өкүм чыгаруу үчүн 6 миң доллар талап кылган.

Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 2-июлда Чүй облустук сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын судьялары Улукбек Калыбеков, Тилек Абдырашитов, ошондой эле соттук ортомчу болуп иштеген катчысы О.Ж.Д. кармалышты. Үчөө тең УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.